17 жаштагы спортчу кыз каза болду

17 жаштагы спортчу кыз каза болду
28-Дек. 2018, Жума, 14:07

Норвегияда 17 жаштагы спортчу кыз Тэя Софи Клевен каза болду. Тэя Софи лыжа менен трамплинден секирүү боюнча спорттун түрү менен машыкчу. Эки жылдан бери дүйнөлүк аренада мыкты жыйынтык көрсөтүп келген. Анын эмне себептен каза болгондугу учурда такталып жатат.

Тэя Софиге машыктыруучулары жана спорт федерациясы кайгыруу менен көңүл айтат.

“Биз Тэянын жакындарынын жана үй-бүлөсүнүн кайгысын тең бөлүшөбүз. Ал улуттук курама командада лыжа боюнча трамплинден секирүүдө мыкты жыйынтык көрсөтүп келген. Биздин ага болгон ишенимибиз чоң болчу. Керек болсо дүйнөнүлүк аренада биринчиликти багындыра турган спортчулардын катарын түзмөк”,-деп эскерди улуттук курама команданын менеджери Класа Бретана.

Эскерте кетсек, Тэя Софи 2016-жылы кубокту жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!