Кол салууга шектүү адам полицияга келди

Кол салууга шектүү адам полицияга келди
21-Апр. 2017, Жума

Париждин борборунда кол салууга шектелип жаткан адам Бельгиянын Антверпен шаарынын полиция бөлүмүнө келгенин “Франс пресс” агенттиги жазган.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Пьер-Анри Бранд Франциянын полициясы кол салууга белгиялык адам шектелип жатканын кабарлаган.
Маалыматтарга караганда бейшемби, 20-апрелде белгисиз адам Елисей аянтында турган полициянын машинасына ок чыгарган. Окуяда бир полиция кызматкери көз жумса, экөө жаракат алган. Кол салгандардын бирөө жок кылынган. Ал эми экинчиси изин жашырууга үлгүргөн.

Бул боюнча Париж прокуратурасынын антитеррордук бөлүмү иликтөө ишерин жүргүзүүдө. Прокурор Франсуа Молен кол салган адамдар террорчулар экенин болжолдоду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!