Жарандык алуу кайсы өлкөдө канча турат?

Жарандык алуу кайсы өлкөдө канча турат?
31-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 11:46

“Блумберг” агенттиги инвестиция аркылуу жарандык алуу боюнча он өлкөнүн түзүмүн чыгарды. Агенствонун маалыматы боюнча, менмин деген байлар керек болсо экинчи, жада калса үчүнчү ирет паспорт алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аны кантип алса болот? Мисалга, сиз ал өлкөгө инвестиция жасап же кыймылсыз мүлк сатып алып алуу менен ала аласыз.

Эгерде сиздин яхтаңыз же учагыңыз болсо, малтиялыктардын паспортун ала аласыз. “Henley & Partners” компаниясынын президенти Кристиан Келиндин айтуусу боюнча: “Көпчүлүк жарандар өздөрүнүн коопчсуздугу үчүн экинчи жарандык алууга аракеттенет жана айрымдары болсо жөн эле паспорттун коллекциясын чогултуу үчүн алат”,-деп белгилеп өттү.

Паспорт алууда эң кымбат Австралия мамлекети саналат. Австралия мамлекетинин жарандыгын алуу үчүн, жок дегенде ал өлкөнүн экономикасына 23 миллион доллар инвестиция кылуу керектиги айтылат.

Жарандык алуу кайсы өлкөдө канча турат?

Британия-2,57 миллион доллар

Жаңы Зеландия-1,98 миллион доллар

Түштүк Кипр-1,74 миллион доллар

Австралия-1,08 миллион доллар

Мальта-1 миллион доллар

Канада-612 миң доллар

Болгария-594 миллион доллар

Испаия-580 миң доллар

АКШ-эң аз 500 миң доллар

Черногория-407 миң доллар

Португалия-407 миң доллар

Греция-290 миң доллар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!