Кытай элинин калкынын саны 2029-жылы канчага жетет?

Кытай элинин калкынын саны 2029-жылы канчага жетет?
8-Янв. 2019, Шейшемби, 11:38

Кытайдын Изилдөө академиясы калкынын саны 2029-жылы 1,44 миллиардга жете тургандыгын кабарлады. Андан кийинки жылдары калктын саны кескин азая тургандыгын да белгилеп өттү. Тагыраак айтканда, 2065-жылы 1,17 миллиард адамга азаймакчы.

Божомолдор боюнча, XXI кылымдын орто ченинде кытай элинин калкынын саны 1,36 миллиард адамга азаймакчы. Ага утурлай, жумушчулардын саны 200 миллион адамга кыскара тургандыгы айтылат.

Ошондой эле докладда: “Кытайдагы демографиялык абал, өлкөдө социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү жаратуусу мүмкүн экендиги айтылды”.

Эскерте кетсек, кытайда “Бир үй-бүлө-бирден бала” долбоору 1979-жылы башталган. Аталган долбоор өз максатына жетип, 2000-жылдары 1,2 миллиард балага азайган.

Ал эми, 2013-жылы өлкөдөгү Демаграфиялык саясатты бир аз жөнөкөйлөштүргөн. Башкача айтканда, жубайлар экиден бала болуу укугуна ээ болгон. Бирок, бул саясат менен калктын санынын кескин көбөйүүсү байкалган эмес.

2015-жылы “Бир үй-бүлөдөдө-бирден бала” долбоору жоюлган. 2016-жылы 17,86 миллион ымыркай төрөлуп рекорд коюлгандыгы айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!