Камактагы генерал: Акар жана Фидандын планы

Камактагы генерал: Акар жана Фидандын планы
8-Янв. 2019, Шейшемби, 12:47

15-июль төңкөрүш аракетинде Башкы штабда болгондорго байланыштуу 221 айыпталуучу сурак берген отурум өттү. Анда сүйлөгөн мурдагы бригадалык генерал (генерал майор) Эрхан Жаха “Бул оор жана мыкаачылык төңкөрүш аракети Башкы штабдын башчысы, Куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги, Улуттук чалгын кызматынын (MİT) кеңешчисинин планы, маалыматы жана көзөмөлүндө болгон”-деди.

221 айыпталуучу соттолуп жаткан доо боюнча отурумда Кургак күчтөрүнүн мурдагы Күчтү өнүктүрүү бөлүгүн жетектеген генерал Эрхан Жаха сотко кайрылуу жасады. Айыптоолорду кабыл албагандыгын айткан айыпталуучу Эрхан Жаха кармалгандан кийин Башкы штабдын башчысы генерал Хулуси Акарга жазган катын окуду. Төңкөрүш аракетине байланыштуу башаламан бир топ жагдай бар экени белгиленген катта “Төңкөрүш аскердиктей көрүнгөн жарандык төңкөрүш деп ойлойм. Түрк куралдуу күчтөрүнүн тарыхында миңдеген аскерге карата болгон адилетсиз жана мыйзамсыз иштерди тыя албаган кол башчы катары жазыласыз”,-деген Жаха актануусунда мындай деди. “Бул төңкөрүш аракетине чечим чыгарган, алдына ала пландаган, түрдүү үйлөрдө же аскердик кошуундарда жыйындарды өткөргөн топтордун арасында болбогонумдай эле окуя болгон күнү алдыртан даяралган пландардын негизинде аракет кылгандардан эмесмин”,-деген.

“Аксакаллынын айткандары маанилүү”

Эрхан Жаха “Атайын күчтөрдү жетектеген Зекаи Аксакаллынын айткандары абдан маанилүү. Аксакаллы “Кризис учурунда персоналга кошуунду таштабоого буйрук берилет. Персоналдарга бул буйрук берилген болсо төңкөрүш ачыкка чыкмак. Жашоосун бул кызматка арнаган адамдар мындайды ойлонушпайбы? Мен жана мен сыяктуу миңдеген кызматкерлер мындай абалды башынан өткөрмөк эмес. Жай отуруп, күбө катары келип бул актанууларды укса ушундай ойго келишмек. Бул пландын артында турган кимдер? 16-июлда окуянын негизин түшүндүм. Мен да курулган тузактардын курмандыктарынын бири болгон экенмин",-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!