Кыз тапанча менен сүрөткө түшүп жатып бетине ок атты

Кыз тапанча менен сүрөткө түшүп жатып бетине ок атты
10-Янв. 2019, Бейшемби, 11:10

Москва шаарында он үч жаштагы өспүрүм кыз тапанча менен сүрөткө түшөм деп жатып аман калды.

Окуя боюнча, 13 жаштагы кыз өзүнүн дачасында тапанчаны бетине такап сүрөткө түшүп жатканда, кокусунан тапанчаны басып алып бетине ок тийген. Маалыматка ылайык, кыз тапанчаны атасынын уруксаты жок алгандыгы айтылат.

Кыз тапанчаны алып телефонго селфи кылып жатканда, тапанчаны кокусунан басып алып, жыйынтыгында бетинин жаак сөөгү сынган. Бул тууралуу Москва облусунун тергөө бөлүмүнүн башчысы Ольга Врадий кабарлады.

Изилдөө иштери боюнча, тапанча кыздын атасына таандык болгондугу ырасталды. Окуядан соң кыздын атасы административдик жоопкерчиликке тартылып, изилдөө иштери мындан ары да улана тургандыгын Ольга Врадий кошумчалап кетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!