Дүйнөнүн эң бай адамы жубайы менен ажырашууда

Дүйнөнүн эң бай адамы жубайы менен ажырашууда
10-Янв. 2019, Бейшемби, 12:51

Американын ири компаниясы аталган “Амазондун” директору Джефф Безос жубайы Маккензи Безос менен ажырашууда. Бул тууралуу Джефф өзүнүн Твитердик баракчасында билдирди.

Жубайлар 25 жыл чогуу түтүн булатып жашаган. Ортолорунда үч баласы жана багып алган бир кызы бар.

Маккензи жана Джефф: “Биз үй-бүлө катары сонун күндөрдү чогуу өткөрдүк. Мындан ары биз достук мамиледе болуп, бизнес проекттерде чогуу болмокчубуз”, деп билдирди.

Безос келечектеги жубайы менен 1993-жылы Уолл Стрит инвестициялык форумунда таанышкан. Эки жаш баш кошконуна эки жыл дегенде Безос "Амазон" компаниясын ачкан.

Эскерте кетсек, Джефф Безос Форбс журналынын жыл жыйынтыгы боюнча “Эң бай адам” аталган. Анын каржылык кирешеси 137 миллард долларды түзөт.

Ал эми, бул сумманы жубайлар кантип бөлүшүп ала тургандыгын ачыкка чыгарган жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!