Дүйнөгө таанылган Канада айылы

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Канаданын Ньюфаундленд аралына жергиликтүү тургандардын тарткан сүрөттөрү интернет тармагында популярдуулукка ээ болууда. Мындан улам болуп көрбөгөндөй туристтердин агымы келүүдө. Себеби көп кабаттуу үй менен тең алп муз тоо сүзүп келди. Анын көлөмү 1912-жылы белгилүү «Титаникти» Атлант океанына батырган айсбергден да чоң экендиги айтылууда.

Ферриленд айылы Авалон жарым аралынын түштүк-чыгыш тарабындагы Ньюфаундленд аралында жайгашкан. Канаданын тарыхый жерлеринин бири болуп саналат. XVI кылымдын аягында бул жер балык уулоочу жерге айланган. Бирок азыркы кезде бул аймакта 500 түтүн эл жашап келет.

Айсбергдин бийиктиги 46 метрге жетет. Ал тайыз жерге келип тирелип калгандан кийин агым менен океанга сүзүп кете албай калган.

Ньюфаундленд аралынын арасындагы булуңду «Муз тоолор аллеясы» деп атап келишет. Ошондуктан бул аймактан табияттын колу менен оюлган алп муздар кез-кезде сүзүп өтүп турат экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!