Меккени чегирткелер каптады (видео)

Меккени чегирткелер каптады (видео)
10-Янв. 2019, Бейшемби, 15:27

Сауд Аравиянын Мекке шаарындагы мечиттердин бирин чегирткелер жана таракандар каптады.

Ислам дүйнөсүнүн ыйык мекени болгон Меккеде алгачкы ирет ушундай көрүнүшкө туш болуп жаткандыгын билдирди. Меккенин башкы башкармалыгы зыярат кылып келүүчүлөр үчүн тезинен тазалоо иш-чарасына буйрутма берилгендигин кабарлады.

Андагы курт-кумурскалар шаар ичине да бат тарагандыгы айтылат. Чегиртке жана таракандардын мынча көп болуусуна, шаар тургундары да таң калып жаткандыгын билдиришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!