Жаш жигит Айфон сатып алам деп бир бөйрөгүнөн айрылды

Жаш жигит Айфон сатып алам деп бир бөйрөгүнөн айрылды
11-Янв. 2019, Жума, 10:19

17 жаштагы кытайлык бала жаңы үлгүдөгү iPhoneдуу болом деп бир бөйрөгүнөн айрылып олтурат. Анын мындай ойлонбостон жасаган кадамы, эми ден соолугуна толугу менен зыян алып келди. Бул тууралуу Daily Mail” агенттиги кабарлады.

Баланын айтуусунда: Анын ата-энеси ага жаңы моделдеги Айфон уюлдук телефонун сатып берүүгө каражаты жок болгон. Ошентип ал интернеттен орган саткан маалыматтарды топтой баштайт. Андагы сатуучулардын бирөө балага бир бөйрөгү үчүн ири өлчөмдө каражат сунуш кылган.

Ушул эле жылдын апрель айында бала ата-энесинен жашынып, башка аймакка бир бөйрөгүн сатууга жөнөгөн. Ал жакта баланын бир бөйрөгүн ооруп жаткан адамга койгон. Оооруп жаткан адам ага жакшы суммада акча төлөп берген. Тагыраак айтканда, он миң доллар жана 150 миң юань. Жигит дароо iPhone 4 жана iPad 2 сатып алган.

Окуядан соң баланын ден соолугунда маселе жаралып, акырында бир бөйрөгү да толугу менен иштебей калгандыгы айтылат. Эми ал күнү-түнү бою гемадиалез алып жаткандыгын кабарлады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!