Интернет желесине тараган акылсыз бьюти флешмоб (видео)

Интернет желесине тараган акылсыз бьюти флешмоб (видео)
11-Янв. 2019, Жума, 17:01

Интернет желесине “potatoportrait challenge” аттуу жаңы акылга сыйбаган бьюти флешмоб тарады. Андагы адамдын картошкадан макияж жасап жаткандыгын байкоого болот. Бул тууралуу “Mashable” агенттиги кабарлап чыкты.

Картошка боюнча алгачкы видеодо @elona_balasyan аттуу интернет колдонуучу кадимки картошканы сулуулантып, боёп макияж жасап жаткандагысын байкоого болот.

Бул ролик башка интернет колдонуучуларына жагып, алар дагы картошканы сулуулап жасаган макияж видеолору менен бөлүшкөн.

Мындай видеолор заматта лайктарды жаадырып, интернет желесине ылдамдык менен тарап жаткандыгын байкоого болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!