Энес Кантер: Адамдар уурдалууда, ошондон корктум

Энес Кантер: Адамдар уурдалууда, ошондон корктум
11-Янв. 2019, Жума, 17:41

АКШнын Профессионалдуу баскетбол лигасынын (NBA) командаларынан “New York Knicks” тобунда ойногон белгилүү оюнчу Энес Кантер 17-январда Лондондо өтө турган Washington Wizards оюндарына барбоо чечимин команданын жетекчилиги менен бирге кабыл алганын айтты.

2021-жылы Америка жараны болорун, ошол мезгилге чейин АКШдан чыгуу өмүрүнө коркунуч жаратарын белгиледи.

Нью-Йорк убактысы боюнча 14.00дө түз эфирде суроолорго жооп берген Энес Кантер Лондонго барбаганын күн сайын социалдык медиада орун алган ондогон окуяларга, коркутууларга байланыштырды.

Кантер бийлик Гүлен кыймылынын чет өлкөдөгү мүчөлөрүн уурдап жатканын айтып, Лондонго барбоо чечимин өзү ойногон New York Knicks командасы жетекчилери менен бирге кабыл алганын баса белгиледи.

“Адамдар уурдалууда, ошондон корктум”

CNN каналынын “Лондонго барганда окуя болорун айтып, эмнеге тынчсызданып жатасыз? деген суроого ала келген дүйнө жүзүнө саякат кылуу укугу берилген документин көрсөтүү менен жооп берди. Кантер “Лондонго баргым келгенин бары жакшы билет. Бирок Эрдогандын өлкө сыртында кылган операцияларынан улам коопсуздугуман чочуладым. Операцияларда өкмөттү сындагандар бутага алынат. Оппозиция болгон журналисттер, коомдук лидердер жана мугалимдер уурдалып, Түркияга берилет. Ошондон кооптондум. Алгач командам ал жакка барарымды айтышты. Бирок коопсуздук кызматкерлери мени коштоп жүргөнү менен машыгуу залына жана мейманканага барууга уруксат берилерин эскертти. Андан улам Нью-Йоркто калганымды туура көрүштү”,-деди.

NBA оюнчусу Энес Кантерге Фетхуллах Гүленге байланышы тууралуу суроолор берилди. Анда 15-июлдагы төңкөрүш аракетин иликтөө керектигин, жыйынтыгында Гүлендин күнөөсүз экени белгилүү болорун айтты. Түрк өкмөтү 5 жылдан бери Гүленди өткөрүп берүүнү талап кылганын, бул үчүн эч кандай далилдерди көрсөтпөгөнүн кошумчалады. “Түрк өкмөтү Гүленди берүүнү талап кылат. Бирок колдорунда бир да далил жок. Гүлендин АКШда бир да жазасы жок. 80 жашта. Жөнөкөй адам. Жашоосу жөнөкөй. Көксөгөнү глобалдык тынчтык. 2-3 аптадан бери учурашып келүүгө аракет кылып жатам”-деди.

Түркоглуна жооп

Төңкөрүш болгон күнү Фетхуллах Гүлендин жанында болгонун, бул тууралуу кабарды Гүлен менен бирге телевизордон көргөнүн айткан Кантер Гүленге акыркы жолу качан барганы тууралуу суроого “3 апта мурда” деп жооп берди.

CBS телеканалынын алып баруучусунун “Фетхуллаң Гүлен Түркияга берүү талабына байланыштуу чыккан кабарларга тынчсызданабы”,-деген суроосуна Гүлен Америкада мыйзам иштерине ишенерин, андан улам тынчсызданбай турганын белгиледи.

Дүйнөгө белгилүү CBS жана CNN медиа уюмдарына маек берген Энес Кантер Түркиянын Баскетбол федерациясынын президенти Хидает Түркоглунун “Бул адамдар акылга сыйбаган саясий сөздөр менен таанылууга аракет кылып жатат”,-деген кептерине жооп берди. Түркоглу менен бирге 2011-жылы улуттук командада бирге ойногондугун билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!