Ата-Мекендик согушта тартылган сейрек сүрөттөр

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Россиянын Коргоо министрлиги сайтына “Биздин жеңиш объективде” аттуу долбоордун алкагында Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги сейрек кездешүүчү сүрөттөрдү жарыялайт. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы кабарлаган.

“Улуу Жеңиштин 72-жылдыгына утурлай мультимедиялык аскердик-тарыхый цикл чыгарат. Ал беш видеосюжеттен жана “Жеңиштин фотоальбому” атуу Интернет-тиркемеден турат”,-деп жазылган билдирүүдө.

“Жеңиштин конструкторлору”, “Жеңиштин каармандары”, “Жеңиштин каттары жана ырлары” сыяктуу үч видеоролик Кызыл Армиянын жоокерлерине, курал конструкторлоруна, командирлерине арналат.

Ал эми “Жеңиштин фотоальбому” тиркемесинде солдаттардын согуштун биринчи күнүнөн 1945-жылы Берлинди алганга чейинки башынан өткөндөрү боюнча аскер корреспонденттеринин үч жүздөн ашык сүрөттөрү камтылат.

“Биздин жеңиш объективде” аттуу долбоорго даярдыктын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги архивден 20 миңден ашык сүрөттөр калыбына келтирилген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!