Экинчи айлампага Макрон менен Ле Пен чыкты

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Францияда 11 талапкер катышкан президенттик шайлоонун биринчи айлампасы аяктады. Болжолдуу маалыматтар боюнча биринчи орунга добуштардын 24 пайызын алып Эммануэль Макрон чыкса, экинчи орунда 22 пайыз менен Марин Ле Пен келатат.

Биринчи айлампада жеңишке жеткен эки талапкер шайлоонун 7-майда өтө турган экинчи айлампасына чыгат.

Шайлоо алдындагы сурамжылоолорго ылайык, экинчи айлампага өтүүгө шайлоого катышкан төрт талапкердин мүмкүнчүлүктөрү болгон: алар мурдагы экономика министри жана көз карандысыз “Алга!” кыймылынан талапкер Эммануэль Макрон, оңчул-популисттик “Улуттук фронт” партиясынын лидери Марин Ле Пен, “Республикачылар” партиясынан талапкер Франсуа Фийон жана “Багынбас Франция” солчул кыймылынын лидери Жан-Люк Меланшон.

Шайлоо күнүндө өлкө шаарларындагы коопсуздукту 50 миң полициячы, жандарм жана аскер кызматкерлери камсыз кылышты.

Байкоочулар президенттик шайлоонун жыйынтыгы Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү, Евро биримдиктин (ЕБ) жана НАТОнун алдыңкы мамлекети, дүйнөлүк экономикадагы бешинчи өлкө - Франция үчүн чоң мааниге ээ болорун белгилешүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!