“Time” журналы таасирдүүлөрдү аныктады

25-Апр. 2017, Шейшемби

Америкалык “Time” журналы “Лидерлер” “Титандар”, “Новаторлор”, “Искусство ишмерлери” жана “Кумирлер” категориясы боюнча дүйнөдөгү 100 таасирдүү адамды аныктады. Тизмеде Рим папасы, Ким Чен Ын, Алиша Кис жана түрдүү тармактар боюнча 97 адам киргизилген.

“Лидерлер” категориясына АКШнын президенти Дональд Трамп, Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, Рим папасы Франциск жана башкалары жазылган. Ал эми “Титандар” категориясына баскетболчу Леброн Жеймске, америкалык Федералдык резервдик системасынын жетекчиси Жанет Йеллен жана “Amazon” компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос киргизилген.

“Новаторлор” тобунан АКШнын президентинин кызы Иванка Трамп жана анын жолдошу Жаред Кушнер орун алган.


“Искусство ишмерлери” категориясына сценарист Барри Женкинс, музыканттардан Деми Ловат жана Эда Ширан, актриса Эмми Стоун жана башка жылдыздар жазылган. Ал эми “Кумирлер” тобу боюнча тизмеге футболист Неймар, дизайнер Раф Симонс жана актриса Виол Дэвис кирген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!