Үч тонна алтын сатылды

Үч тонна алтын сатылды
4-Фев. 2019, Дүйшөмбү, 17:17

Бириккен араб эмирликтеринен бир инвестициялык компания саясий кризиске кабылган Венесуэладан үч тонна алтын алганын билдирген. Ал эми АКШ Түркия жана Венесуэла ортосундагы алтын экспортун изилдөөгө алганы болжолдонуп жатат.

Noor Capital аттуу компания кандайдыр бир "мыйзамсыз" же "тыюу салган" ишти жасабагандыгын кабарлады. 21-январда ишке ашырылган алтын алуу иштери ошол күндөн баштап жарактуу болгон эл аралык стандарт жана мыйзамдардын алкагында жасалганы айтылды.

DW басылмасындагы кабарга ылайык Noor Capital аттуу ишкана Венесуэладагы ишмердиктери тууралуу америкалык сенатор Марко Рубио айткан. Ал Twitter тармагында бөлүшкөндөрүндө “Noor Capital үчүн иштеген француз жаранынын Венесуэладан дагы алтын алып кетүү үчүн Каракаста жүргөнү тууралуу кабарлар бар. Муну кылгандар жана учууга жардам көрсөткөндөр санкцияларга дуушар болорун билишет деп ойойм”,-деди.

Апта ичинде Каракаска конгон жашыруун орус учак Венесуэлада оппозициянын каршылыгына себеп болгон. Оппозициячы саясатчылардан Хосе Герра учак алтын ташуу үчүн ижарага алынганын айтып чыккан.
Түркия жана Венесуэла арасындагы алтын экспорту атын атагысы келбеген америкалык жетекчинин AFP кабар агенттигине берген маегинен кийин кеп боло баштаган. Америкалык жетекчи Анкара менен Каракас ортосундагы соода мамилелер Вашингтон тарабынан изилденип жатканын эскерткен.

Венесуэланын алтындары менен иш алып барган мамлекеттердин арасында Түркия дагы бар. Венесуэла өткөн жылы Түркияга 900 миллион еврого бааланган 23 тоннадан ашык алтын экспорттогону белгиленүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Мамлекеттик социалдык тапшырык алкагында 1000 бала бала бакчага барат
Мамлекеттик социалдык тапшырык алкагында 1000 бала бала бакчага барат
Орустардын 5 пайызы Сталиндин мезгилин жактырат
Орустардын 5 пайызы Сталиндин мезгилин жактырат
Абылгазиев:
Абылгазиев:"Сүттү сатып алуунун баасын жогорулатуу керек"
Хабиб ​Нурмагомедов 29-жолу допинг текшерүүдөн өттү
Хабиб ​Нурмагомедов 29-жолу допинг текшерүүдөн өттү
“Коопсуз шаардын” камерасын ок атуучу курал менен атып кетишти (видео)
“Коопсуз шаардын” камерасын ок атуучу курал менен атып кетишти (видео)
Анжелика: “Кудай колдосун деп анан учуп кеттим”
Анжелика: “Кудай колдосун деп анан учуп кеттим”
Чыпалак баатыр:
Чыпалак баатыр: "Мен 100 процент нормальный адаммын!" (видео)
Жырткыч жаныбар табылды
Жырткыч жаныбар табылды
Султан Садыралиевдин жаңы ыры  хитке айланабы? (видео)
Султан Садыралиевдин жаңы ыры хитке айланабы? (видео)
​Мухаммед Салах ислам дүйнөсүнө кайрылуу жасады
​Мухаммед Салах ислам дүйнөсүнө кайрылуу жасады
Толкунбек Абдыгулов ссуданын калган бөлүгүн төлөй баштайт
Толкунбек Абдыгулов ссуданын калган бөлүгүн төлөй баштайт
Amazon Кытайдагы кызматтарын токтотот
Amazon Кытайдагы кызматтарын токтотот
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Ашраф Ганини ШКУнун жыйынында күтөбүз"
Россия Украинага мунай берүүнү токтотот
Россия Украинага мунай берүүнү токтотот
Абдыгулов: “Росинбанк” адистештирилген банк болот
Абдыгулов: “Росинбанк” адистештирилген банк болот
Актриса Мадина Талипбек сыйлык албай калды
Актриса Мадина Талипбек сыйлык албай калды