Турак-жай өрттөнүп бир үй-бүлөдө беш бала каза болду (видео)

Турак-жай өрттөнүп бир үй-бүлөдө беш бала каза болду (видео)
5-Фев. 2019, Шейшемби, 14:35

Астанада турак-жай өрттөнүп бир үй-бүлөнүн беш баласы каза болду. Бул боюнча Астана акимиатынын маалымат катчысы Элвира Жүргенбаева кабарлады. Спутник агенттигинин берген маалыматына ылайык: “Астананын Көктал -1 конушунда времянка өрттөнүп кеткен. Анын ичинде бир үй-бүлөнүн беш баласы болгондугу айтылат. Алардын эң чоңу 13 жашта, кичүүсү үч айлык болгон”.

Өрт түнкү саат үчтөр чамасында чыккан. Алдын-ала берилген маалыматтар боюнча, меште күйүп жаткан оттон өрт тутанып, балдар иске ууланып калган. Өрт чыккан учурда, балдардын ата-энеси жумушта болгондугу айтылат.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!