Талибан жана афган саясатчылары чогулду

Талибан жана афган саясатчылары чогулду
7-Фев. 2019, Бейшемби, 11:45

Aфганистан өкмөтү менен Талибандын өкүлдөрүнүн ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү Москвада башталды.

Кабул өкмөтүнөн эч бир жетекчи катышпаган жыйынга экс-президент Хамит Карзай, Талибан тараптан Аббас Станикзай төрагалык кылууда. Делегациялардын сүйлөшүүлөрү эки күн уланат.

Жыйынды ачкан Карзайдын сөзү 8 мүнөткө созулду. Ал өлкө тынчык жана ынтымакка муктаж экенин айтты. Ошондой эле демократиялуу эгемен Афганистанга тынчтыкты сактоо менен гана жетишүүгө болорун белгиледи.
Талибан делегациясын жетектеген Станикзайдын кайрылуусу узакка созулду. Ал уюмдун тынчтык, башкаруу, саламаттык, аял укуктары, өнүгүү долбоору жана жарандык жоготууларды азайтуу старегиялары тууралуу айтты. Ошондой эле Талибан учурдагы Афганистандын баш мыйзамын кабыл алышпаганын, бул тынчтыкка тоскоолдук кылып жатканын кошумчалады. Ал документти чет өлкөлөр афгандарды кыйнап кабыл алдырганын баса белгиледи.

“Учурдагы Афган Баш мыйзамды өлкөнүн дин аалымдары жана окумуштуулары бекитип, эл кабыл алышы керек”,-деди. Буга жооп берген Афганистандын экс-президентинин жардамчысы Мухаммед Юнус Кануни Баш мыйзам афган элинин эрки менен кабыл алынганын, аймактагы мамлекеттердин арасынан Афганистандын Конституциясы мыкты жазылганын белгиледи.

Мурдагы өкмөттүн өкүлдөрү басымдуулук кылган Москвадагы жыйында Талибан уюмунан 10 киши катышууда.
Эки тараптын жыйынынан бираз убакыт аралыгында АКШ жана башка чет мамлекеттердин аскерлери чыгарылары, Талибандын кол салуулары токтооруна байланышкан макулдашууларга жетишилери болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дана Уайт:
Дана Уайт: "​Нурмагомедов менен Макгрегор урматташаар убакыт келет"
Көзгө эң керектүү  витаминдер
Көзгө эң керектүү витаминдер