Көз жумган футболчуга кун сурады

Көз жумган футболчуга кун сурады
7-Фев. 2019, Бейшемби, 13:22

Франциянын Нант командасы Премьер-лига топторунан "Кардифке" трансфер үчүн жолго чыккан мезгилде учак кырсыгынан көз жумган Эмилиано Саланын трансфер кунун талап кылды. Кардиф жетекчилери Сала менен учкучтун сөөктөрүн издөө уланып жатканда мындай талапка таң калышууда.

21-январда жоголгон учактын калдыгы жакында табылды. Кардиф рекорддук баадакатарына алган Саланын жоголушу спорт күйөрмандарын кайгыртты.

BBC кызматынын кабарына ылайык Франциянын Нант клубу 10 күн ичинде 17 миллион евро төлөнбөсө укуктук демилге башталарын билдирген.

Кырсыкка чейин "Нант" футболистинин трансфери 20 млн еврого бааланган.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!