Дональд Трамп Россияда төрөлсө кандай болмок?

Дональд Трамп Россияда төрөлсө кандай болмок?
7-Фев. 2019, Бейшемби, 16:23

Сүрөтчү Вячеслав Жданов “Трам Пам Пам” аттуу көргөзмөсүндө “Дональд Трамп АКШда эмес Россияда төрөлгөндө кандай болмок?” деген суроого жооп берген сүрөттөрдү койду.

Сүрөтчүнүн “Миллиардер Трамп Россияда төрөлсө” деген темадагы сүрөттөрүндө Американын президентин түрдүү көрүнүштөрдө тарткан.

“Эмгектеримде азыркы жашоону, адамзат көйгөйлөрүн тарттым. Россиядагы төмөнкү кирешелерди, алкоголизм, жокчулук сыяктуу жашоодогу көйгөйлөрдү Трамптын сүрөткө тартуу аркылуу көрсөтүүгө аракеттендим”,-деди.

Тамашалуу сүрөттөрү тууралуу айткан сүрөтчү “Саясаттан алысмын. Бирок карикатура жанрына жакынмын”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!