Панама-Сити шаарынан 31-январда көтөрүлгөн учактын мотору чымчык киргенде улам күйүп кетти. Toкумен эл аралык аэропортуна кайткан учактын жүргүнчүлөрү зыян тарткан жок.
Авиакомпаниянын маалымат катчысы эл аралык телеканалардарга берген билдирүүсүндө учкуч коопсуздук чараларын көрүп, учакты аман эсен кондурганын айткан.
Асманда болгон окуяны камерага тартып алган жүргүнчү Сезар Люсиано “Мынчалык көп нерсе кыска убакытта болору эч оюма келген эмес. Мындай нерселерди кинолордон гана көрчүмүн”,-деди.