Японияда кыздын өлүмүнөн кийин кезексиз жыйынга чогулушту

Японияда кыздын өлүмүнөн кийин кезексиз жыйынга чогулушту
8-Фев. 2019, Жума, 12:16

Япониянын өлкө бийлиги бешинчи күнү премьер-министр Синдзо Абэнин катышуусунда кезексиз жыйынга чогулушту. Ага жакында эле атасы тарабынан өлтүрүлгөн кыздын окуясы себеп болду.

Ыкчам билдирүүгө карабай, мектеп, билим берүү комитети, жаш балдар менен иштеген психологдор кыздын өмүрүн сактап кала алган эмес. Мунун ичине полиция кызматкерлери дагы кирмекчи.

Эскерте кетсек, январь айынын аягында Миа Курихаранын өз үйүндөгү ваннадан жансыз денеси табылган. Ага себеп атасы кызын тынымсыз ургандыгы деп айтылууда.

Тергөө ишинин жыйынтыгында: Мианын курдаштары атасы аны тынбай сабап тургандыгын айтышкан. Ошондой эле, алдын ала толтурулган анкетанын жыйынтыгы боюнча, Миа атасы аны тынымсыз сабап тургандыгын жазып берген. Бирок, балдарды камкордукка алган органдар кызматынан пайдаланып анкетаны атасына берип коюшкан.

Мианын апасынын айтуусунда: Күйөөсү кызын күнүгө дубалга тургузуп, уйку бербей урчу экен. Ошондой эле, муздак сууну үстүнөн ылдый куюп да жибергендигин да айтып өттү.

Кыздын денесинен урган тактардын издери табылган. Акыркы эки күн ичинде атасы Мианы көчөгө жана мектепке такыр чыгарбай койгон. Атасынын акыркы катуу соокусунан улам, кызы жан бергендиги айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!