20 миң канаттуунун өлүмү изилденет

20 миң канаттуунун өлүмү изилденет
8-Фев. 2019, Жума, 12:19

Голландиянын жээктеринде куштардын 20 миңге жакын өлүгү табылды. Илимпоздор булардын себебин аныктоого аракет кылууда.

Куштардын бардыгы арыктаган. Ага январь айында Голландиянын түндүгүндөгү бороондон улам кемеден кулаган 345 контейнердеги заттарга байланыштырууда.

“BBC” кызматынын кабарына ылайык окуяны иликтеген Вагенинген университетинен Мардик Леопольд “Так далил жок. Бирок түрдүү ыктымалдуулуктарды болжоп жатабыз”,-деген. Алардын арасынан окумуштуу контейнерлерден жайылган химиялык заттар жана желимдер деңиз канатууларынын өлүмүнө себеп болушу мүмкүн экенин белгиледи.

MSC Zoe кемесинен кулаган контейнерлердин ичиндегилер Голландиянын түндүгүндөгү аралдарга чачылган. Ташылган жүктөрдө оюнчук, эмерек, телевизорлордон тышкары парафин сыяктуу заттар болгон.

Леопольд куштар контейнер кырсыгынан кийин жээкке чыга баштаганын, бирок аба ырайынын катаал шарттарынан улам жем таба албай калышы мүмкүн экенин белгиледи.

Окуя боюнча 100 канаттуу текшерүүгө алынганы турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!