Депутат: Түркия жана Арабияга алтын сатылды

Депутат: Түркия жана Арабияга алтын сатылды
8-Фев. 2019, Жума, 14:20

Венесуэлада оппозициядагы партиялардан депутат Карлос Папарони Америка жана көп сандаган батыш мамлекеттери мыйзамсыз деп тааныган Николас Мадуро бийлиги өткөн жылы Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 72 тонна алтын сатканын айтты. Бул сатуу иштери Улуттук парламенттин уруксатысыз болгонун баса белгиледи.

Маалымат каражаттарындагы кабарларга ылайык Венесуэлада маалымат жыйынын өткөргөн оппозициядагы саясатчы Карлос Папарони 73 тонна алтындын 23,9 тонналык бөлүгүн түрк ишканасы алганын айтты. 27,3 тоонаны Абу Дабидеги Noor Capital атуу инвестициялык ишкана алганын билдирди. Бирок элөкүлү эч кандай далил келтирген жок.

“Бир грам алтын сатылбайт”

Венесуэла улуттук парламентинин лидери Хуан Гуайдонун лидерлигиндеги Венесуэлла оппозициясы алтын сатыгына тыю салууга аракеттенүүдө. Алар Мадуро бийлиги алтын сатыгын Американын режими башкы киреше агымын токтоткондо бекем туруу үчүн колдонгонун болжоп жатышат.
Борбордук банктын маалыматына караганда Венесуэлада ноябрь айынын аяктарынан баштап өздөрүндөгү жана Англиянын борбордук банктарындагы алтындын резерви жалпы 132 тонна эле.

Өлкөнүн маалымат министрлиги бул айтылгандарга жооп бере элек.

Noor Capital ишканасы өткөн жумадагы билдирүүлөрүндө 21-январда Венесуэланын Борбордук банкынан 3 тонна алтын алынганын, аталган өлкдө абал турукташмайынча кийинки алымды токтота турарын белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!