Валюта фонду эскертти: Бороонго даяр болгула!

Валюта фонду эскертти: Бороонго даяр болгула!
12-Фев. 2019, Шейшемби, 15:47

Глобалдык экономика күтүлгөндөн тездик менен жайлаганын айткан Эл аралык Валюта фондунун (IMF) президенти Кристин Лагард “Бороонго даяр тургула” деп эскертти.

Дубай шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөрдүн саммитинде (World Government Summit” сөз сүйлөгөн Лагард өлкө жетекчилерине боло турган бороонго даярдыкта болууну айтты. Аталган тобокелчиликтердин арасында “соодадагы чыңалуулар, кошумча бажы салыктарынын көбөйүшү, Brexit процессиндеги белгисиздиктер жана Кытай экономикасындагы төмөндөөлөр” бар экенин белгилеген Лагард АКШ менен Кытайдын ортосундагы соодадагы чыңалуулардын таасирлери азыртадан эле билине баштаганын кошумчалады.

“Бул абал кандай өтөрүн билбейбиз. Бирок азыртадан соода жана базардагы шарттардын таасирлери тийе баштаганын байкап жатабыз”,-деди.
IMF жетекчиси “Абада абдан көп булут болгондо бороондун чыгышына бир гана чагылган жетиштүү болот”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!