Ленинградга күчтүү курал жайгаштырылды

Ленинградга күчтүү курал жайгаштырылды
13-Март 2019, Шаршемби, 16:37

Россиянын эң өнүккөн куралы S-400 Европага жакын делген Ленинград аймагына жайгаштырылды.

Россиядагы экинчи ири шаар Санкт-Петербургдагы Ленинград областына абадан коргонуу системаларын жайгаштырылганын бейшемби күнү Россиянын Коргоо министрлиги кабарлаган. Анда эң жаңы абадан коргонуу системалары S-400дөр аскер, администрация жана жарандарды коргоо максатында коюлганы белгиленген.

S-400дөр Россиянын эң мыкты куралдары катары белгилүү. S-400 абадан коргонуу системасы биринчи жолу өлкөнүн түштүгүндөгү Астрахан аймагына сынактан өткөрүлгөн. Бул айда Калининградга жайгаштырылары күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!