Боингден акыркы чечим

Боингден акыркы чечим
14-Март 2019, Бейшемби, 10:16

Boeing АКШнын авиациялык башкармалыгы 737 Max үлгүсүндөгү учактарды токтотуу чечимин колдогондугун жана бардык 737 Max тибиндеги аба кемелери учууларын убактылуу токтотуу сунушталганын билдирди.

Корпорациядан келген билдирүүдө дүйнөдөгү авиация боюнча адистер, жетекчилер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугунан улам "737 MAX" флотунун сапарлары убактылуу токтоору белгиленди.

Boeing корпорациясынын жетекчиси Деннис Муиленбург "Бардык Boeing командасы эки кырсыкта көз жумгандардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтат”,-деди.

157 адам көз жумду

Эфиопия Аба жолдоруна таандык "B737 Max 8" тибиндеги жүргүнчү учагы 10-мартта Аддис-Абебадан Кениянын борбору Наиробиге сапар алгандан көп өтпөй кыйраган. Кырсыкта учактагы 157 киши көз жумган.

Эфиопиядагы кырсыктан кийин Түркия, Сингапур, Кытай, Эфиопия, Индонезия, Австралия, Малайзия, Оман, Улуубритания, Германия, Франция, Нидерланд, Австрия, Европа биримдиги, Казакстан, Бириккен Араб Эмираты, Жаңы Зеландия, Фиджи, Индия, Гонконг, Ливан, Косово, Бахрейн, Египет жана Таиланд "Boeing 737 Max" тибиндеги учактарын убактылуу токтоткон жана аба мейкиндиктерин жапкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!