Катуу шамал оор унааларды оодарды (видео)

Катуу шамал оор унааларды оодарды (видео)
15-Март 2019, Жума, 11:25

АКШнын Техас штатында ылдамдыгы 80 чакырымга жеткен катуу шамал болду. Анда жүк ташуучу оор унаалар оодарылды.

Техас штатындагы Поттер аймагында Амарилло шаарында TIR жолдо кетип бара жаткан учурда катуу шамалдан улам оодарылды. Ал учур камерага катталган.

Рандалл аймагына караштуу Каньон шаарында башка бир TIR катуу шамалдан улам оодарылды. Бул автожолдо тыгынды пайда кылып, жолду жабууга себеп болду. Бул учур Тодд Андерсон аттуу айдоочунун камерасына түшкөн.

Жетекчилердин билдирүүлөрүнө караганда Техас штатындагы катуу шамалдын кесепети ага караштуу бир топ аймактарда айдоочуларга жолтоо болду. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР