Европа парламентинин акыркы чечими эмне мааниде?

Европа парламентинин акыркы чечими эмне мааниде?
15-Март 2019, Жума, 12:38

Европа парламенти (ЕП) бекиткен, голландиялык парламентарий Кэти Перри даярдаган рапортто кызыктуу жагдайлар бар.

Бул чечим ЕПтин 2014-2019-жылдагы Түркия боюнча акыркы чечими болуу өзгөчөлүгүнө ээ. 26-майда өтө турган шайлоодон кийин түзүлө турган жаңы Европа парламентинин Түркия менен байланышына негиз түзөт. Ошол эле мезгилде бул билдирүү Европа парламенти кабыл алган Түркияга байланыштуу алган эң оор рапорттордун бири болуп калды.

Айрыкча акыркы кабыл алынган чечимде сүйлөшүү процессинин сынга алынуусу менен бирге эки жаңы жагдайга орун берилген. Түркия-ЕБ мамилелеринин “таасирдүү өнөктөштүгүн кайрадан карап чыгуу” талап кылынган. ЕП сүйлөшүүлөр башталган 2005-жылдан бери алгачкы жолу бул боюнча чечим чыгарып отурат. Түркия менен ЕБдин ортосундагы мамилени демократия, укуктун үстөмдүгү жана негизги укуктарды сыйлоо шарты менен талап кылууда.

Билдирүүдө биринчи ирет Гүлен кыймылы тууралуу айтылды. Өзгөчө Түркиядагы Адилет жана өнүгүү партиясынын режиминин өлкө сыртындагы чалгын ишмердиктери ачык эле сынга алынды.

Сүйлөшүүлөр токтотулсун, бирок талапкер өлкө статусу калсын деген кандай мааниде?

Рапортто дагы бир маанилүү тема бар. Ал Түркия менен болгону сүйлөшүүлөрдү токтотууга байланышкан. Бирок талапкер өлкө статусун калтыруу сунушталган.

Баш мыйзамдагы өзгөрүүдөн улам демократиялык уюмдарды иштей албагандай абалга алып келгени белгилүү болсо Түркия Копенгаген критерийлерин орундата албагандыгына барабар. Бул учурда талапкерлик статусу укуктук жана саясий негизде чөккөндөй болот.

ЕБ кеңеши тарабынан сүйлөшүүлөрдү расмий токтотуу чечими чыгарылса түрдүү фонддор менен байланыштар токтойт.

Бул да Түркияда бир топ коомдук уюмдар кыйын абалга кабылат. Азыр ЕБ фонддору коомдук уюмдар менен иш алып барат. Түркия талапкер өлкө статусун жоготсо AK партия өкмөтү саясий кадам жасап, бардыгына бул фонддорду колдонуусун тоскоолдук кылышы мүмкүн.

Жыйынтык

Европа парламентинин чечими менен талапкерлик статусу алынбаса да Түркиянын ЕБге мүчө боло албай тургандыгы жарыяланды.

Адам укуктары боюнча реформаларда Түркия өкмөтүндөгү Европа биримдигинин таасири азаят.

ЕБ Түркия менен диалог механизмдерин кармап турууга аракет кылат. Сүйлөшүүлөр болбосо да Бажы биримдиги, Саясий диалог жыйындары, Өнөктөштүк кеңеши жана Түркия-ЕБ саммити сыяктуу механизимдер иштей берет.

Кабыл алынган Түркия рапортундагы башкы темалар төмөндөгүчө

- Кабыл алынган рапортто Түркияда Өзгөчө кырдаал уланып жатканы баса белгиленген. Соттордо Өзгөчө кырдаал процедуралары киргизилгени, сөз эркиндиги, чогулуу эркиндиги жана мүлк топтоо эркиндиги темасында абдан олуттуу артта калуулар болгону белгиленген.

- Гүлен кыймылы жана оппозицияларга кысым көрсөтүү үчүн өлкө сыртында Диянет иштери министрлиги болуу менен уюмдардын Улуттук чалгын кызматы тарабынан колдонулушу ачык эле сындалууда.

- Бул абал Европа өлкөлөрүнүн эгемендик укуктарын жана социалдык тартибине коркунуч жаратканы баса белгиленди. Бул боюнча Европа өлкөлөрүн коопсуздук биримдери кызматка чакырылууда.

- Паспорттордун жокко чыгарылышы катаал сөздөр менен сынга алынууда

- Террорчулук менен күрөш мыйзамы адам укуктарын бузууларды мыйзамдаштыруу үчүн кыянаттык менен колдонулууда.

- Түрк өкмөтү башка мамлекеттерден жарандарын уурдай качышууда же жашыруун аңдуу сыяктуу ыкмалар менен тынчын алат. Улуттук чалгын кызматынын мыйзамсыз уурдоо операциялары биринчи ирет ЕП рапортуна кирди.

- Өзгөчө кырдаалдар комиссиясы жараксыз болгон бул каттоолорго өткөн

- 4 миңден ашык сот жана прокурордун иштен алынышы укуктун көз карандысыздыгы жана тарапсыздыгына ачык эле коркунуч туудурганы баса белгиленүүдө. 570 адвокаттын камалышы коргонуу жана адилет соттоо укугуна тоскоол болгону айтылууда.

- Өлкөдө профсоюздук укуктардын өнүгүүсүнө багытталган олуттуу тоскоолдук жаралары белгиленүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!