Катуу бороон үйлөрдү жарактан чыгарды (видео)

Катуу бороон үйлөрдү жарактан чыгарды (видео)
15-Март 2019, Жума, 12:50

Германиянын Бельгия менен чек арасындагы Aaхен шаарында катуу шамалдан улам торнадо болду.

Бороондо көп сандаган тургундар жаракат алды. Алгачкы маалыматтарга караганда 40 турак жай зыян тарткан. Алардын ону колдонулгус абалга келген.

Аймактагы бир мектепте жабырлануучулар үчүн жай даярдалды. Өрт өчүрүү кызматынын билдиргенине караганда 30га жакын тургун баш калкалоочу жайга муктаж.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР