Кытайдын лидерине ишеним күчтүү

Кытайдын лидерине ишеним күчтүү
15-Март 2019, Жума, 14:52

Кытай дүйнөлүк деңгээлде лидер имиджи жагынан АКШ мамлекеттерин артта калтырды. Германия 56 пайыздык добуш менен биринчиликти коргоп калды.

Гэллап иликтөө компаниясы 134 өлкөдө жүргүзгөн изилдөө иштеринин жыйынтыгында Кытайдын лидерине добуш бергендер 31 пайыздан 34 пайызга жогорулады.

АКШын лидерлерине добуш бергендер президент Дональд Трамп кызматка келгенден кийин 31 пайыз болуп төмөндөгөнү байкалды. Бул деңгээлге АКШнын акыркы үч президенти кезинде көрүлгөн эң төмөнкү чек. 2018-жылы Трампка карата ишеним көбүнчө Камбоджа, Түркия жана Иранда артка кеткен.

Россиянын лидерлигине берилген добуш 30 пайыз менен АКШга бир кыйла жакындады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!