Йемен: Жашоо үчүн күрөш жүрүүдө (видео)

Йемен: Жашоо үчүн күрөш жүрүүдө (видео)
15-Март 2019, Жума, 15:43

Бириккен улуттар уюму (БУУ) согуштун чеңгээлиндеги Йеменде миңдеген адамдар жабыркап жатканын эскертти.

Акыркы бир нече аптадан бери Кушар шаарынан кеткен үй-бүлөлөрдүн саны 5 миң 300дөн ашты.

БУУнун маалыматтарына караганда Хажжах аймагында согуштан улам үйлөрүнөн кетүүгө аргасыз болгондордун саны акыркы 6 аптада эки эсе өстү.

Сауд Арабиянын чек арасына 50 чакырым аралыктагы Кушардын сырткы дүйнө менен байланышы үзүлгөндөй. Жолдор жабык жана байланыш жок. Миңдеген тургундар жашоо үчүн күрөшүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!