Кемеден болгону 397 жүргүнчү куткарылды (видео)

Кемеден болгону 397 жүргүнчү куткарылды (видео)
24-Март 2019, Жекшемби, 21:51

Норвегиянын Тромсо шаарынан түштүгүндөгү Ставангер аймагына 14-мартта сапар алган, аба ырайындагы катаал шарттан улам мотору бузулуп, тез жардам чакырган «Viking Sky» аттуу кемеден азыркы учурда 397 адам куткарылды. Кемеде жалпы 1373 киши болгон. Кеменин ичинен тартылган видеолордо эмеректер жылып, терезелер сынганын көрүүгө болот.

23-мартта түнү электр жарыгы үзгүлтүккө учураган кеме аба ырайынан улам кургакка сүрүлө баштаган. Кеме абдан кооптуу жана жетүүгө кыйын болгон жерде бузулуп, жакынкы жарларга урунуу коркунучу болгон.

BBC кызматынын кабарына ылайык кеменин төрт моторунун үчөө иштетилди. Эми жакынкы портко жылары кабарланды. Ичиндеги 915 жүргүнчүнүн көбү англиялыктар жана акшлыктар экени билдирилди.

Жүргүнчүлөрдүн бири Дерек Бравн “Кеме түнү бою термелип чыкты. Кино көрмөкпүз. Бирок жарык өчтү. Бизди тик учак менен куткарышты. Абдан корктук»,-деди.

Куткаруу иштерине беш тик учак жана кемелер катышууда. Аба ырайынын катаал шарты жана бийиктиги 8 метрге жеткен толкундар алардын иштерине тоскоолдук жаратууда.

Окуя болгон аймакка биринчилерден болуп барган балыкчы Жен Эрик «Мотор кайрадан иштеп, якору түшүрүлбөсө кеме жакын жердеги жарларга чабылышы толук мүмкүн эле»,-деди.

Куткарылган жүргүнчүлөрдүн бири спорт залда уюштурулган кризис борборуна жеткирилген. Калгандары айланадагы мейманканаларга жайгаштырылат. Арасынан 17 жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

Ocean Cruises флотундагы Viking Sky кемесинин алгачкы сапары 2017-жылы башталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун ачылыш аземине катышты
Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун ачылыш аземине катышты
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
40 миллион адам колу менен кен казат
40 миллион адам колу менен кен казат
Нэна  жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Нэна жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты