Саясатка эми келген куудул президент болду

Саясатка эми келген куудул президент болду
22-Апр. 2019, Дүйшөмбү, 10:56

Украинада өткөн президенттик шайлоодон саясатка кыска убакытта аралашкан куудул Владимир Зеленский ийгиликке жетти.

Украина Борбордук шайлоо комитети президенттик шайлоонун экинчи туру боюнча добуштарды саноону улантып жатат. Алгачкы маалыматтарга караганда өлкө боюнча катышуу 62 пайыз болду.

Добуш саноо иштери башталган жергиликтүү саат 23.55ке чейин үкөктөрдүн 8,07 пайызы ачылды. Ага ылайык куудул Зеленский 72,48 пайыз добуш менен биринчи болду. Учурдагы мамлекет башчысы Петро Порошенко 25,20 пайыз добуш алды.

Зеленский шайлоо участоктору жабылгандан кийин өткөргөн маалымат жыйынында жеңишин жарыялап, Порошенко аны куттуктаганын айтты.

Порошенко да уюштурган маалымат жыйынында жеңилгенин кабыл алды. Саясаттан кетпей тургандыгынан белги берген Порошенко “Жаңы президенттин абдан күчтүү оппозициясы болот”,-деди.

4 жыл мурда “Элдин кызматкери” аттуу саясий комедиялуу тасмада башкы роль ойногон Зеленский мугалим кезинде паракорчулукка каршы айткандары Интернетке кеңири тараган, кыска убакытта эл оозуна алынып, президенттик кызматка келген каармандын образын чагылдырат.

Зеленский тасманын таасири менен 2018-жылы “Элдин кызматкери” аттуу партия түзгөн. Ошол эле жылдын башында президентикке талапкер экенин жарыялады.

Украинада шайлоонун 31-марттагы алгачкы турунда Владимир Зеленский 30,24 пайыз, Петро Порошенко 15,95 пайыз добуш алган. Талапкерлердин эч бирөө 50 пайызга жетпегендиктен экинчи тур белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду