Уулуна жасаган тамагы бүт дүйнөнү таң калтырды

Уулуна жасаган тамагы бүт дүйнөнү таң калтырды
24-Апр. 2019, Шаршемби, 14:01

Австралиядагы Мельбурн шаарында жашаган бир эненин балдарына даярдаган тамагы Instagram тармагында көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты.

Лале Мохмеди аттуу 35 жаштагы аял көпчүлүктүн көңүлүн бура алды. Анын эки баласы бар. Уулу Жакоб 6 жашта, кызы Чарли Роуз 19 айлык.

Мохмеди 4 жыл мурда уулунун эртең мененки тамагына арстанды чагылдырган. Ал жакшы желгенин көргөн. Ошол күндөн тарта тамактарында жомоктордо уулу жактырган кармандардын элесин чагылдыра баштап, бул ыкма менен уулун тамактанууга көндүргөн.

Көп өтпөй өзү жасаган тамактарды Facebook жана Instagram тармагындагы баракчаларында бөлүшө баштаган. Учурда 162 миңде ашык көрүүчүсү бар. Бул боюнча Time журналы баштаган бир топ басылмалар макала даярдашкан.

Мохмеди өз балдары сыяктуу эле башкалардын балдары пайдалуу тамактанышын каалайт. Андыктан жаңы, пайдалуу азыктарды пайдаанууну сунуштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!