Асман тиреген имараттар 600 миллион куштун өлүмүнө себепкер

Асман тиреген имараттар 600 миллион куштун өлүмүнө себепкер
24-Апр. 2019, Шаршемби, 17:52

АКШдагы бийик имараттар жылда 600 миллион куштун өлүмүнө себеп болгону белгилүү болду. Куштарды изилдеген Cornell илимий лабораториясынын иликтөөсүнө ылайык чымчыктар асман тиреген имараттардын жасалма жарыктарынан улам багытын жоготот. Ага урунуп өлүмгө учурагандар көп.

Мындай көрүнүштөр өзгөчө жыл мезгили алмашканда болот. Жаз жана кышта Канада жана Латын Американын ортосунан миллиарддаган куштар учушат.

“Frontiers in Ecology and the Environment” аттуу илимий журналда жарыяланган иликтөөгө ылайык АКШда куштар үчүн кооптуу шаарлар Чикаго, Хьюстон жана Даллас болуп эсептелет.

Адистердин айтымында бир топ куш түнкүсүн учат. Парктар жана бакчаларга жакынкы айнектерге чагылган жарыктар чымчыктар үчүн кооптуу. Андан улам “New York City Audubon” аттуу жапайы жаныбарларды коргогон уюм бийик имараттар эки мезгилде түнкүсүн жарыктарды өчүрүшү керектигин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!