Шотландия эгемен болгусу келет

Шотландия эгемен болгусу келет
25-Апр. 2019, Бейшемби, 11:06

Шотландиянын премьер-министри Никола Стерджен парламентте сүйлөгөн сөзүндө Англия ЕБден чыкса 2021-жылдын май айына белгиленген шайлоодон мурда көз карандысыздык референдумун өткөрүү керек болорун айтты.

“Brexitтен улам Шотландия эгемендүү Европа өлкөсү болуу үчүн келечегин тандоого муктаж. Шотландия өкмөтү эгемендик үчүн мүмкүнчүлүк табуу аракеттин баштарын айта алам”,-деди.

Бул үчүн Англиянын макулдугуна зарылдык жок экенин айткан Никола Стерджен ЕБ менен жакын мамиледе болуу Шотландиянын кызыкчылыгы үчүн зарылдыгын белгиледи. “Westminster өкмөт системасы Шотландиянын кызыкчылыктарына кызмат кылбайт”,-деди.

300 жылдан ашык Англиянын бөлүгү болгон Шотландия 2014-жылдагы референдум өткөргнө. Анда өз алдынча бөлүнүүгө элинин 45 пайызы макул болсо, 55 пайызы каршы добуш берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!