Дарыларды дрондор тарата баштады

Дарыларды дрондор тарата баштады
25-Апр. 2019, Бейшемби, 11:50

“Financial Times” басылмасындагы кабарларга караганда дүйнөгө белгилүү дрон менен таратуу тармагына ээ Zipline ишканасы 150 түрдүү дары жана вакцинаны Гананын алыскы аймактарына алып барууда. Жетүүгө кыйын жерлердеги 2 миң клиникага жарым сааттын ичинде дрондун жардамы менен жеткирет.

Дары дармектер менен бирге канды жеткирүүгү мүмкүнчүлүгү болгон фирма 2016-жылы Руандада учкучсуз же алдына ала программаланган аба түзүмү аркылуу кан жеткирүү ишине киришкен.

Медицина кызматкерлери буйрутмаларды билдирүү жүзүндө жиберет. Көп өтпөй саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүргөн дрондор Гана жана Руанданын кайсы аймагы болбосун 30 мүнөттө жеткирет.

Дрон аркылуу муктаждыктарды тез орундатууну максат кылган долбоорду Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана эл аралык бир топ уюмдар колдоого алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!