40 миллион адам колу менен кен казат

40 миллион адам колу менен кен казат
26-Апр. 2019, Жума, 12:01

Дүйнөдө 40 миллиондон ашык адам кендерди өз алдынча чыгарышат. Баалуу таштарды чыгарууда иштегендердин 30 пайызын аялдар түзсө, көбү кооптуу шарттарда иштешет.

Дүйнөлүк банк жана Pact өнүктүрүү уюму Африкада миллиондогон адамдар алтын алмаз сыяктуу кендерди колу менен казып аларын билдирди. Алардын арасында өнөр жайга жана түрдүү электр түзүмдөрүнө керектелген вольфрам, тантал жана кобальт бар.

Акыркы жылдарда металлга талап өсүп, баасы кымбаттаган сайын мындай чакан ишкерлик менен алектенгендер көбөйдү. Бул көбүнчө Түштүк Америка, Африка жана Азиядагы жакыр мамлекеттердеги көрүнүш.

Чыгарылган кендер бул мамлекеттерде маанилүү киреше булагы. Анткен менен мындай ыкмалардын кенчилердин өзүнө, экологияга зыяны көп. Иштер мыйзамсыз болгондуктан андан чыккан химиялык заттар абага, топурак жана сууга аралашып кетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!