Путин: “Зеленский кандай кадам жасарын көрөбүз”

Путин: “Зеленский кандай кадам жасарын көрөбүз”
26-Апр. 2019, Жума, 13:38

Россиянын лидери Владимир Путин Украинадагы шайлоонун жыйынтыктары экс-президент Петр Порошенконун “ийгиликсиз ишин” көрсөткөнүн белгиледи. “Украина менен мамилелерибизди толугу менен өнүктүрүүгө даярдайбыз. Бирок муну бир тараптуу ишке ашыруу мүмкүн эмес”,-деди.

Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушуудан кийин Владивостокто маалымат жыйын өткөрдү. Анда Украинадагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча суроолорго жооп берди. “Менин сөзүмдүн кереги барбы? Шайлоонун жыйынтыктары Порошенконун саясатынын жыйынтыгын көрсөттү. Украинанын жаңы жетекчилиги бул боюча билет деп ойлойм. Азыркы жаңы президнт Владимир Зеленский кандай кадамдарды жасарын көрөбүз”,-деди.

Ошондой эле Владимир Путин Москва-Киев мамилелери Зеленскийдин саясатына байланыштуу болорун белгилеп “Украина менен мамилелерибизди толугу менен өнүктүрүүгө даярбыз. Бирок муну бир тараптуу өнүктүрүү мүмкүн эмес”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!