Путин-Ким саммитинде кызыл килем чыры

Путин-Ким саммитинде кызыл килем чыры
27-Апр. 2019, Ишемби, 12:34

Дүйнө кызыгуу менен күткөн Россия жана Түндүк Корея лиделеринин саммити аяктады.

Россиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын аралда жолукту.

Түндүк Кореянын лидери сүйлөшүү өткөн шаарга поезд менен келди. Бирок түшкөнү жеңил болгон жок. Поезд салынган килемдин алдына токтобогондо жансакчылары жандалбастады. Каалгасы килемге дал келгенче поездди артка кайтарышты.

3 жарым саат сүйлөшкөн лидерлер жыйындан кийин камералардын алдына чыкты. Сүйлөшүүнүн жарым аралдагы көйгөйлөрдүн чечилишине салым кошорун айткан Түндүк Кореянын лидери лидери Ким Чен Ын “Дүйнө Корея жарым аралына көңүл буруп жаткан ушул мезгилде бул жолугушуу көйгөйлөрдүн чечилишине маанилүү салым кошот”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!