Жибек-Жолу үчүн 64 миллиард долларлык макулдашууга кол коюлду

Жибек-Жолу үчүн 64 миллиард долларлык макулдашууга кол коюлду
29-Апр. 2019, Дүйшөмбү, 13:24

Кытайдын жаңы Жибек-Жолу долбоору катары белгилүү “Бир алкак, бир жол” долбоору боюнча 64 миллиард доллар өлчөмүндө макулдашууларга кол коюлду. Пекин шаарында өткөн самиттин жабылуу аземинде сүйлөгөн Кытайдын президенти Си Цзиньпин бардык кызматташтыктар базар экономикасынын пиринциптеринин негизинде жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

2013-жылы айтылган “Бир алкак, бир жол” долбоору менен Азия, Африка жана Европанын ортосунда байланыш, өнөр жай, соода тармактарында кызматташуу максат кылынган. Бул иштердин алкагында Кытайдын ишканалары кура турган кара жана темир жолдор, порттордун каржысына Кытай банктары бере турган миллиардаган евро насыялар жумшалары күтүлүүдө.

Батыш тынчсызданууда

Бирок Кытайдын бул пландары Батышты тынчсыздандырууда. Айрым өкмөттөр Кытай миллиондогон инвестициялык долбоорлору менен дүйнөдө таасирин кеңейтүүнү каалап жатканын, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр ири өлчөмдө карызга батарын белгилешүүдө.

Ал эми АКШ Кытай өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү арзан насыя жолу менен карызга батырып, маанилүү байлыктарын сатууга аргасыз кыларын кошумчалады.

Кытай долбоордо паракорчулук болбой турганын убада кылууда. Ири долбоордун инвестициясынын көлөмү тууралуу сан көрсөтүлө элек. Антсе да адистер пландарды ишке ашырууда триллиондогон сумма керектелерин болжолдоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!