3 көздүү жылан табылды

3 көздүү жылан табылды
3-Май 2019, Жума, 11:41

Окумуштуулар бир көзүнүн ашыкча болгону табигый экенин, сойлоп жүрүүчүлөрдө мындай көрүнүштөр көп кездешерин белгилешти.

Aвстралиянын Түндүк аймагында Дарвин шаарына 35 чакырым алыста жайгашкан Хампти Доо айылына жакынкы Арнхем жолунда 3 көздүү жылан табылган.

Аймактык парктар жана жапайы жаратылышты коргоо комитети (NTPWC) социалдык медиада сүрөттөрүн бөлүшкөн 3 көздүү жыландын узундугу 40 сантиметр. Монти Пайтон деген ат берилген жаныбардын сүрөтүн көптөр жактырды. Март айында табылган үч айлык жылан тамактанууда кыйынчылыктардан улам өлгөн.

NTPWC эмгектенгендердин бири Рай Чатто “Жылан талаада ушунча убакыт жашаганы таң калтырат. Табылганда тамак жегенден кыйналганы көрүнүп турган. Андан улам өткөн аптада өлдү”,-деген.

Калдыгы изилдөөгө жөнөтүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!