Дрон жеткирген бөйрөк ийгиликтүү алмаштырылды

Дрон жеткирген бөйрөк ийгиликтүү алмаштырылды
3-Май 2019, Жума, 18:18

АКШда Мэриленд медициналык борборунда бейтапка дрон менен жеткирилген бөйрөктү салышты. Аны ишке ашыргандар учкучсуз аба түзүмдөрү жакында органдарды жеткирүүдө эң ылдам, ишенимдүү, коопсуз жана эң арзан болорун билдиришти.

BBC кызматынын кабарында физиктер, илимпоздор, авиация инженерлери жана адистер учкучсуз карго учагын ойлоп табышты. Бул эмгек Мэриленд университетинин медициналык окуу жайы жана орган алмаштырууда жардамчы болгон Мэриленд кайрымдуулук мекемесинде жасалды.

8 жылдан бери диализ алган 44 жаштагы аял “Бул укмуштуудай өнүгүү. Көп жыл мурда мындай болору оюбузга келмек эмес”,-деди.

Орган ооруканага канчалык тез жеткирилсе операция ошончолук ийгиликтүү болот. Дрон бул ишти 5 мүнөттө аткарууга жөндөмдүү.

Сыноолор жүргүзүлгөн лабораториянын директору Энтони Пуччарелла “Эң жакшы түзүм чыгардык. Ичинде керектүү бардык нерселер менен жабдылды»,-деди.

114 бейтап бөйрөк күтөт

АКШда орган жеткирүүгө жооптуу тармактын маалыматына караганда алынган органдардын 1,5 пайызы кезектеги бейтапка жетпейт. 4 пайызы бейтапка жетүүсү бир нече саатка кечигет. 2018-жылы орган күткөн 114 миңге жакын бейтап болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!