Россия Интернеттен чыгабы?

Россия Интернеттен чыгабы?
4-Май 2019, Ишемби, 12:33

Россиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн глобалдык желеден чыгып, улуттук Интернет тармагына кайтуусуна жол ачкан мыйзамга кол койду.

Россия Интернет байланышы жагынан өтө радикалдуу чечимди кабыл алды. Путин кол койгон Интернетке байланыштуу жаңы мыйзамга ылайык Россия техникалык бузулуу же коркунуч жаралса бүтүндөй өлкөнү Дүйнөлүк масштабдагы тармактан (WWW) чыгара алат.

Webtekno сайтындагы кабарга ылайык мыйзам Россиянын байланыш тармагын борборлоштурууга жол ачат. Ушундай жол менен кибердик кол салуулар, техикалык бузулуулар же бул сыяктуу учурлар катталса өлкөнү Интернет кызматы менен камсыздагандар Россиянын Интернетин глобалдык тармактан чыгара алышат. Ошентип Россия дүйнөнүн көз карандысыз улуттук Интернет тармагына ээ болот.

Россиядагы ири ишканалар Путиндин бул кадамын колдоого алышты.

Аталган өлкө өткөн жылдарда Интернетин глобалдык тармактан чыгаруу жагын сыноодон өткөрүшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!