Добуш санагандардын 500дөн ашыгы көз жумду

Добуш санагандардын 500дөн ашыгы көз жумду
4-Май 2019, Ишемби, 12:58

Индонезияда өткөн президенттик жана депутаттарды шайлоодон кийин узакка иштегени, чарчоого байланыштуу оорулардан көз жумгандардын саны 500дөн ашты.

Жергиликтүү маалымат каражаттарына чыккан кабарларга ылайык шайлоо күнү жана андан бери Индонезиянын Шайлоо комитетине караштуу 412 кызматкер, көзөмөлдөө мекемесинен 92, коопсуздук кызматкерлерин кошкондо 500дөн ашык адам көз жумду. 4 миңге жакыны ооруканада дарыланууда. Бул адамдарга жооптуу мекемелер көз жумгандардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөй турган болду.

Индонезияда 17-апрелде өткөн шайлоонун добуштарын 7 миллион киши санап жатат. Аларды түнү бою иштеткен шайлоо комиссиясы сынга кабылууда. Саясий өнөктүктүк толук жыйынтыгы 22-майда чыгары күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!