Бир жылда 7 миң миллионер көчтү

Бир жылда 7 миң миллионер көчтү
4-Май 2019, Ишемби, 15:58

Түштүк Африкада жайгашкан “New World Wealth” басылмасы жарыялаган Глобалдык байлык көчү (Global Wealth Migration Review) аталышындагы рапортко ылайык 2018-жылы 7 миң доллар миллионери Россиядан кеткен.

Өлкөлөрүнөн кеткен байлардын санын тууралуу тизменин алдыңкы сабында Кытай турат. Бул мамлекеттен 15 миң миллионер башка мамлекетке көчүп кеткен.

7 миң миллионери менен Россия экинчи сапта орун алган. Индия (5 миң), Түркия (4 миң киши), Франция бешинчи орунга (3 миң киши) илинди.

Мамлекетинен кеткен миллионерлер кайсы өлөкөлөрдү тандайт? Бул боюнча алгачкы сапта Австралия турат. 2018-жылы Австралияга кеткендердин саны 12 миңге жеткен. АКШ 10 миң киши кабыл алып, миллионерлер тандаган экинчи мамлекет болгон. Кийинки кезекте Канада орун алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР