Учактагы өрт 41 адамдын өмүрүн алды

Учактагы өрт 41 адамдын өмүрүн алды
6-Май 2019, Дүйшөмбү, 13:19

Москва-Мурманск сапарындагы Шереметево аэропортуна шашылыш конгон Аэрофлот авиакомпаниясына таандык жүргүнчү учак алоолонуп күйгөн. Россиянын сурак комитетинин билдиргенине караганда учактагы 78 кишиден 41и көз жумду. Учак абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй экипаж көйгөй чыкканын кабарлап, Шереметового кайтууга уруксат сураган.

5-майда Шереметьеводо Москвадан Мурманск шаарына сапар алган Superjet 100 жүргүнчү учагы авариялык абалда конгон. Аба кемесинин командиринин айтымында көтөрүлгөндө учакка чагылган тийип, радио байланыш жана автоматика бузулган.

Өзгөчө кырдаалдын келип чыгышын мамлекеттик комиссия изилдөөгө алды. Учак кыймылы боюнча коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР