​Греция туризм тармагынан рекорддук киреше алды

​Греция туризм тармагынан рекорддук киреше алды
7-Май 2019, Шейшемби, 14:50

Грецияда акыркы 4 жылда туристтердин агымы 35 пайызга жогорулаган. 2018-жылы Грецияга келген туристтерден түшкөн киреше 18 млрд. еврого жеткен. Бул тууралуу Грециянын экс-туризм минитри Елена Кундура билдирген.

2015-жылдан бери биздин өкмөт Грецияны кризистен алып чыкты. Буга туризм тармагынын салымы чоң. Биринчи жолу өкмөт туризм тармагын келечектүү багыт катары көрсөтө алды. Өткөн жылы өлкөгө 33 млн. чет өлкөлүк туристер келип кеткен. Бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 9 млн. адамга көптүк кылат. Туризм тармагынын өлкө экономикасына кошкон салымын жалпы алганда 37,5 млрд. евро болгон. Грециянын турузм тармагы ички дүң өндүрүмдүн 20 пайызын берген”,-дейт министр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР