​Эйфель мунарасы 130 жашка толду

​Эйфель мунарасы 130 жашка толду
16-Май 2019, Бейшемби, 13:18

Францияда Эйфель мунарасынын 130 жылдык мааракесин майрамдап жатышат. 1889-жылы май айынын ортосунда Эйфель мунарасы биринчи конокторун кабыл алган. Ал учурда Дүйнөлүк көргөзмөдө убактылуу жасалган бул мунара Париж шаарынын негизги символу болуп калаарын эч ким ойлогон эмес.

Бул архитектура эстелигинин тышкы көрүнүшүн сактап туруу үчүн ар бир 7 жылда бир сырдап турушат. Буга 60 тонна сыр керектелет. Күн сайн кезекке тургандардын саны үзүлбөйт, жыл сайын бул мунарага чыгуу үчүн 6 млн. адам келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!